БУУ Алепподогу жырткычтык тууралуу билдирүүлөргө кабатыр
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун акыркы сааттардагы Сириянын Алеппо шаарында жайкын тургундарга карата жырткычтык болуп жатат деген кабарларга кабатырлануусун билдирди. Бул туралуу Бириккен улуттар уюмунун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирүү таратып, бул маалыматтарды текшерүүгө уюмдун мүмкүнчүлүгү жок болуп турганын айтты. Мындан бир нече саат алдын БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлүнүн кеңешчиси Ян Эгеланн өзүнүн "Твиттер" барагына Алепподогу көтөрүлүшчүлөргө карата жасалган кылмыштар боюнча жоопкерчилик Орусия жана сириялык өкмөттүн моюнунда деп жазган. Орусиялык жана сириялык маалымат каражаттары Алеппо үчүн төрт жылга созулган кармаш соңуна чыгып баратат деп жазууда. Башар Асаддын аскерлери согушкерлердин коргонуусун жарып өтүштү. Айрым маалыматтарга караганда көтөрүлүшчүлөр Алеппо чыгышындагы анча чоң эмес тилкеде коргонуп жатышат. Соңку саатарда ал жерде айгышкан кармаш жүрүп жатканы кабарланды.
